Салам! Биз сиздин бешинчи жолу өтүп жаткан Global Atomic Quiz 2024 эл аралык билим берүү долбоорунун катышуучуларынын арасында кайрадан көргөнүбүзгө кубанычтабыз! Сизди алдыда 25 өзгөчө суроо жана кызыктуу жооптор күтүп турат. Алар үч түргө бөлүнөт:
Биздин квиздин беш жылдык мааракесинин урматына быйылкы суроолор тиешелүү категорияларга бөлүнөт: атомдук жетишкендиктердин 5 тармагынын ар бири үчүн 5 суроо.
Таймерге көңүл буруңуз! Ал сиздин ар бир суроого жоопту тандоого кеткен убактыңызды көзөмөлдөп турат. Анткен менен викторинаны бир мүнөттүн ичинде өтүүгө шашылбаңыз. Сиздин шашылбай, кеңири жоопторду окуп чыгууга мүмкүнчүлүгүңүз бар — таймер токтоп, кийинки суроого өтмөйүнчө күтүп турат.
Негизги кеңеш: өтө узак ойлонбоңуз. Бул викторинаны өз алдынча, интернеттен маалымат издебестен өтүшүңүз керек. Викторинаны бир нече жолу өтүүгө аракет кылбаңыз, биз муну байкайбай койбойбуз, ошенте турган болсоңуз, мүмкүн, жыйынтыгыңызды жокко чыгарууга да туура келиши мүмкүн.